Караколдо аялын аёосуз сабоого шектелген жаран күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алды

Караколдо аялын аёосуз токмоктоого шектелген жаран күнөөсүн моюнга ала баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы билдирди.

"Майып аялын аёосуз сабоого шектелген жаран күнөөсүн моюнга алып, аялын катуу токмоктобогондугун айтып жатат. Учурда Каракол шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап жатат. Иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат" - деди ал.

Эскерте кетсек, 14-майда Каракол ШИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан 1984-жылы туулган У.А. аттуу жаран денесинен алган жаракаты менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аял жолдошу аёосуз сабаганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан