Бишкекте элчиликке таандык унаа жөө адамды сүзүп кетти (сүрөт)

Бишкекте Орус элчилигине таандык унаа жөө адамды сүзүп кетти. Жол кырсыгы бүгүн, 17-майда болжол менен саат 15:10 чамасында катталганын Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, унаа Жибек-Жолу көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып Жаш Гвардия бульвары менен кесилишкен жерден жолго чыга калган жөө адамды сүзүп алган.

"Жабырлануучу мас абалында экендиги айтылууда. Азыркы учурда жөө адамды спирт ичимдигин ичкен, ичпегенин текшерүү үчүн наркология бөлүмүнө алып кетишти. Ал эми жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматы иш алып барууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан