Жалал-Абадда кенди мыйзамсыз казып, уурдоого аракет кылган адамдардын тобу кармалды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кармалгандар Ала-Бука районундагы "Фулл Голд Майнинг" ишканасынын штольныйына барышкан.
Милицияга 16-майга караган түнү саат 00:01 чамасында Чаткал районунун 6 тургуну "Фулл Голд Майнинг" алтын кен казуу фирмасынын №6 штольныйынын ичинен алтын аралашмасы бар руда казып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Кен казып жаткандардын жанынан рюкзакка салынган 5-6 килограмм көк түстөгү майда таштар жана бир даана перфоратор бар экендиги такталган.
Белгилей кетүүчү жагдай, кен казып жаткан жарандарды кармоо учурунда бирөө кармалып, калганы айыл аралап качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул факты 205-берененин (Уурдоо) негизинде каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурулукка шектүү делинген жарандар Чаткал районунун тургундары экендиги жана жашаган даректери такталып, тергөөгө камсыздоо үчүн ыкчам-иликтөө, издөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында качып жүргөн - Т.Э., Б. уулу А., И.М., И.Н., К.И. жана Д. уулу Б. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылып жатат", - дешет министрликтен.