Биз социалдык тармакта

Бишкекте 38 жаштагы жаран телефон уурдап жаткан жеринен колго түшүрүлдү

Бишкекте телефон уурдоого шектелген жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-май күнү саат 17:50 чамасында Ленин РИИБинин кызматкерлери борбор калаадагы Бүбүсара Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан супермаркеттердин биринен уурулукка шектүү жаранды кармашкан. Ал ачык түрдө шаар тургунунун баасы 5 миң сомдук "Redmi 6A" үлгүсүндөгү телефонун уурдап алган жеринен колго түшүрүлгөн.

Окуя болгондон көп өтпөй телефондун ээси У.Э аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча 206-беренеге ылайык (уурулук) кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1984-жылы туулган С.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан