Бишкекте адашып калган 3 жаштагы бала ата-энесине өткөрүлүп берилди

Шаардык милиция борбор калаада адашып калган кичинекей баланын ата-энесин таап берди. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы туулган М.И. аттуу баланын ата-энеси бүгүн саат 18:30 чамасында табылган. Бала аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Учурда аталган окуянын жагдайлары такталууда.

Ленин РИИБи кичинекей балдардын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция бөлүмүнө же болбосо күнү-түнү байланышта болгон "102" номерине билдирүүңүздөрдү суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан