Бишкекте унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 16-май күнү З.Б. аттуу жаран милицияга Каралаев көчөсүндө токтоп турган Toyota Camry унаасын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирип, арыз жазган. Унаанын баасы 12 миң 600 доллар болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыска убакыттын ичинде кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалды. Ал эми унаа борбор калаадагы конуштардын биринде табылып, ээсине өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти райондук милициядан.