Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Казакстандын атайын кызматы менен биргеликте Орто Азияга синтетикалык баңгизаттарды интернет тармагы аркылуу ташуунун жана сатуунун туруктуу каналынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Трансулуттук баңги тобунун ишмердүүлүгүн жоюу боюнча биргелешкен атайын операция Кыргызстандын жана Казакстандын аймагында жарым жыл бою жүргүзүлгөн.
"Укук коргоо органдары 2021-жылдын ноябрынан 2022-жылдын апрелине чейин республиканын аймагында баңги жана психотроптук заттардын ири партияларын даярдоого, контрабандага жана сатууга тиешеси бар туруктуу баңги топторун жоюуга багытталган биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн, жыйынтыгында Казакстандын төрт жана Кыргызстандын үч жараны аныкталып, кармалды", - деп билдиришти ИИМден.
Биргелешкен эл аралык операцияларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү боюнча 2 нарколаборатория аныкталып жоюлган.
Белгилей кетсек, баңгизаттарды сатуунун болжолдуу баасы 155 миллион 545 миң сомду түздү, бул 1 миллион 808 миң 662 АКШ долларын түзөт.