Ошто мас абалындагы милиция кызматкери видеого тартылып калгандан кийин иштен алынды

Ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык жана коомдук тартипти одоно түрдө бузган кызматкер ички иштер органдарынын катарынан айдалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 17-майында айрым интернет булактарында мас абалындагы милиция кызматкеринин жарандарга жасаган мамилеси тууаралуу видео тараган. Анда милиция кызматкеринин жүрүм-турумунан анын мас абалда экендигин байкоого болот.
Ыкчам жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң анын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталган. Ош ШИИБинин жетекчилиги, ички иликтөө кызматы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада мындай кадамдарга барган Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери ички иштер органдарынын кызматкеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно түрдө бузгандыгы үчүн бүгүн, 18-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйругу менен ички иштер органдарынын катарынан чыгарылды.
"Иликтөө иштеринин жыйынтыгында бул кызматкер 17-май күнү эртең менен нөөмөт бөлүмүндөгү кызматын аяктап, кызматты тапшырып, үйүнө бара жатып алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы жана кызматтык, коомдук тартипти бузгандыгы аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан