"Тамашоучу", алып баруучу Кадыр Жарматов "Көңүлдүү жигиттер" күлкү долбоорунун Бишкектеги филиалын ачты. Анда 8 команда ат салышты, алгач бул долбоор Ош жергесинде ачылып өз ишин баштаган.
Долбоор тууралуу Кадыр Жарматов буларга токтолду.
"Сырт жакты алып карасак атаандаштык күч, себеби командалар көп, мен дагы биздин командалар күчтүү болсун, дагы да алдыга жылсын деп "Көңүлдүү жигиттер" күлкү долбоорунун Бишкектеги филиалын ачууну туура көрдүм. Алгач эле оюнда 8 команда ат салышты. Мен ойлойм, бара-бара "Көңүлдүү жигиттер" күлкү долбоору театрга дагы айланышы мүмкүн", - дейт ал.