Жалал-Абадда бир жашар наристе калем саптын капкагын жутуп алып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-май күнү саат 20:00дөр чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнө "102" кызматына маалымат келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында бир жаштагы наристе үйүндө калем саптын капкагын ойноп жатып, кокусунан жутуп алып, аба жетпей окуя болгон жерден каза болуп калгандыгы айтылган.
Бул окуя “Кокустук” беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Бирок каза болгон наристенин атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.