Бишкекте милиция кызматкерлеринен качып бара жаткан жаранды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милициянын кайгуул кызматына үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери чыр салган жаранды милиция бөлүмүнө алып келген.
Аны наркологиядан өткөрүү үчүн алып бара жаткан маалда мас жаран аялы милицияга кайрылгандыгы үчүн нааразычылыгын билдирип, качып бара жаткан маалда унаа сүзүп кеткен.
Кайгуул кызматкерлери дароо "Тез жардам" кызматын чакырып, ал келгенче биринчи медициналык жардам көрсөтүп, 4-шаардык ооруканага жөнөтүшкөн.
"Азыркы учурда ал жаран кайгуул кызматкерлерине эч кандай доосу жок экендигин билдирди", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.