Тажикстандан Кыргызстанга 99 койду алып өтүүгө шектүү кармалды

Баткен облусунда майда малды аткезчилик менен алып өтүү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Лейлек районундагы Майты чек ара тилкесинде Тажикстандан 99 баш койду мыйзамсыз алып келүү фактысы боюнча кыргызстандык жаран кармалган.

"Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык малдын жалпы баасы 1 миллион 426 миң сомду түздү. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жыйынтыгы менен укук коргоо кызматкерлери бул ишке акыркы юридикалык баа беришет", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан