Футбол: Лионель Месси "ПСЖ" клубуна рекорддук киреше алып келди

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу бул сезонду рекорддук киреше, тагыраагы 700 миллион евро менен жыйынтыктайт. Буга футболчу Лионель Мессинин трансфери көмөктөшкөн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Мессинин "ПСЖ" клубуна өтүүсү клубга 11 жаңы демөөрчүнү тарткан. Алардан түшкөн жалпы киреше 310 миллион еврону түзүшү керек. Бул сезондо париждиктер футболчулардын миллиондогон футбол формаларын саткан. Сатылган формалардын 60тан ашык пайызына Мессинин аты жазылган.

Белгилей кетсек, Месси "ПСЖ" клубуна өткөндөн кийин футболдон түшкөн киреше 2020-жылдагы 93 миллион евродон быйыл 132 миллион еврого чейин көбөйгөн.

Жаңы сезондо "ПСЖ" клубунда кирешенин дагы көбөйүшү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан