Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тянь-шань карагайларын мыйзамсыз кыюу фактысын аныктады. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кыйылган карагай 3 куб метрди түзөт.
18-майда милиция кызматкерлерине Каракол шаарындагы пилорамалардын биринде мыйзамсыз кыйылган тянь-шань карагайлары тактайга кесилип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине кызматкерлер барышып "Садус" ишканасында кыйылган карагайлар тактайларга араланып жаткандыгын аныктады.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө Түп районунун Корумду айылынын 36 жаштагы тургуну Ж.Н. тиешелүү уруксат документтери жок тянь-шань карагайларын өткөн түнү ишканага алып келип, жумушчуларга документтерди кийинчерээк көрсөтөрүн айтып, кыйылган карагайларды тактай кылып аралаткан.
Каракол токой чарбасынан чакырылган адистер кесилген тактайлардын көлөмү 3 куб метрди түзөрүн аныкташкан.
Аталган факты электрондук журналга катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар шаардык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - дешет маалымат кызматынан.