Жалпы суммасы 2 жарым миллион сомду түзгөн дары-дармектерди аткезчилик жол менен өлкөгө алып келүү фактысы аныкталды. Мамлекеттик бажы кызматынан белгилешкендей, контрабандалык жүк Стамбул-Ош аба каттамынын жүргүнчүсүнөн аныкталган.
"Ош" аэропортунун бажы көзөмөлүнөн жалпы суммасы 2 миллион 498 миң 835 сомду түзгөн дары-дармек аныкталган. Бул каражаттардын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес, жүк Түрк жаранына таандык болгон.
Бул окуя боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облустук прокуратурасына жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.