"Ош" эл аралык аэропортунун күтүү залынын шыбы урап түштү. Буга бүгүн, 18-майда нөшөрлөп жааган жаан себеп болгон. "Манас" эл аралык аэропортунан маалыматты тастыкташты.
Мекемеден билдиришкендей, учурда жеринде тиешелүү кызматтын жумушчулары иш алып барууда. Шып урап түшкөндө жабыркагандар болгон жок.