Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм бала терезеден кулап каза болду. Окуя бүгүн, 18-майда 6-кичи райондо орун алды.
Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан билдиришкендей, эртең менен саат 08:10до милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда көп кабаттуу турак үйдөгү батирден белгисиз жаран кулап түшүп, жеринде каза болгону айтылган.
"Жерине ыкчам кызматкерлер барышып, каза болгон жаран 2008-жылы туулган Н.И. экенин аныкташты. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуянын чоо-жайы такталууда", - дешет басма сөз кызматынан.