Кочкордогу үрөй учурган кырсыкта каза болгондордун арасында чоң эне менен небере болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунда болгон жол кырсыгынан каза болгон 4 адамдын ичинде чоң эне менен небере болгон.
Эскерте кетсек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) КамАЗ менен Ауди 100 унаасы сүзүшкөн. Кырсык катталган жерден төрт жаран: 1999-жылы туулган М. уулу.К, 1950-жылы туулган И.К, 2009-жылы туулган С.А. жана 2017-жылы туулган С.А. аттуу кыздар каза болуп, эки адам жаракат алган.