№50 мекемеге өзгөчө жыты бар затты ыргытууну көздөгөн жаран кармалды

№50гө сырдуу таңгакты өткөрүүгө аракет кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-майда саат 21:20 чамасында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан Жаза аткаруу кызматынын №50 мекемесине скотч жана зым менен оролгон таңгакты ыргытууну көздөгөн А.Р. аттуу жаран кармалган.

Мыйзамсыз таңгакты ачууда жалпы салмагы 127 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

Бул факты Ысык-Ата РИИБине каттоого алынды. Кармалган жаран жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн аймактык милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан