Аламүдүндө алдамчылыкка айыпталган адам кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер органдарына бир нече жаран арыз менен кайрылышкан. Алар Орусиядан жумуш таап берем деп алдоо жолу менен 10 миңден 20 миң сомго чейин акча алып, качып жүргөн Чыңгыз аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган жаранды аныктоо жана кармоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү делинип, Т.Ч. аттуу жаран кармалган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын Аламүдүн районунун аймагындагы алдамчылык боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

“Кармалган жарандын Кыргыз Республикаснын аймагында дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда. Буга байланыштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 102”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан