реклама
super.kg logo

Индияда аял кызын жалгыз тарбиялоо үчүн өзүн 36 жыл эркекмин деп тааныштырып келген

 

Индияда Петчиаммал аттуу аял 36 жыл бою кызын багуу үчүн айланасындагы адамдардан өзүнүн аял экендигин жашырып келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аял 20 жашында турмушка чыккан. Үйлөнүү той өткөндөн 15 күндөн кийин анын күйөөсү инфаркттан каза болгон. Ал кош бойлуу болуп, кыз төрөгөн. Аял андан кийин турмушка чыккан эмес. Кызын жана өзүн багуу үчүн мейманканаларда, кафелерде, курулушта дагы иштөөгө мажбур болгон. Бирок, аял болгону үчүн ар кандай куугунтукка кабылган.

Ошондон кийин Петчиаммал өзгөрүүнү чечип, чачын кырктырып, эркек кийимин кийип, Мутху аттуу ысымды алган. Анын аял экендигин үй-бүлөсүнөн башка эч ким билген эмес.

Арадан дээрлик 36 жыл өткөндөн кийин ал өзүн ачыкка чыгарууну чечкен. Петчиаммалдын кызы бой жетип, турмушка чыгып, балалуу болуп калган. Мындан ары жашырынуунун кереги жоктугун айтканы менен, ал Мутху бойдон калууну чечкен. Анын айтуусунда ал өзүн дал ушул образда коопсуз сезет.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
19.05.2022. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
13-04-2020
Соӊку аракети:
05-07-2022 14:08
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эх,бала учун эне эмнелерге гана барбайт!
19.05.2022. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
19-02-2018
Соӊку аракети:
05-07-2022 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир четинен туура кылыптыр
19.05.2022. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
11-09-2021
Соӊку аракети:
05-07-2022 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мындай аял затын азыр табуу кыйын
19.05.2022. 17:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1558
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
05-07-2022 17:50
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бейиш энелердин таманынын астында деп бекеринен айтылбаса керек
19.05.2022. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
19-10-2021
Соӊку аракети:
05-07-2022 16:47
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чыныгы эне чыныгы аял экен азыркы кезде мындай аял болуу кыйын
19.05.2022. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
359
Катталган:
10-03-2015
Соӊку аракети:
04-07-2022 08:10
Жынысы:
Белгисиз
+4
Назира Айтбекова окуду бекен?
19.05.2022. 21:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1869
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 07:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш эне, бала деп бүт өмүрү эркек сөлөкөтү менен өтүптүр. Кандай чыдамдуу аял, неберелүү болуп калыптыр эми мындан ары бактылуу жашоо берсин. Өзү индияда эмнелер гана болбойт экен, укпагандын баарын ошол жактан көрөт,угат экенсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: