Бишкекте шаар тургунун бычак менен коркутуп, карактап кеткендер кармалды. Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя 14-майда кечинде катталган.
52 жаштагы шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, баасы 20 миң сом болгон телефонун коркутуу жолу менен тартып алгандарга карата чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу белгисиз жарандар ага бычак такаганын кошумчалаган.
Бул факты 207-берене менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип 27 жана 25 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылып жатканын белгилешти мекемеден.