Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шахтада чыккан газдан улам бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Кара-Козу айылынын Краснопартизанская көчөсүндө жайгашкан көмүр шахтасында 1988-жылы туулган Т.Ө. аттуу эркек адам газга ууланып, шахтанын ичинде топтолгон сууга түшүп каза болгон.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Буга чейин Кызыл-Кыядагы шахтада газ чыгып, ичинде адамдар калып калгандыгы кабарланган.