Чүйдө директордун коркутуусунан улам медайым кан тамырларын кести

Чүй облусунда кан тамырларын кесип, суицид жасоого аракет кылган медайымдын окуясы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, медайым укук коргоочуларга 3-майда арыз менен кайрылган. Ал мындай кадамга өзү иштеген медициналык мекеменин директору менен болгон чырдан улам барганын айткан.

"29-апрелде Кемин РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда колунун кан тамырларын кесип, суицид жасоого аракет кылган аял ооруканага түшкөнү айтылган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып жабырлануучу К.Н. экени, ал медайым болуп иштегени аныкталган. Ал өзү иштеген медициналык жайдын директору менен чырдашып, мындан улам кан тамырларын кескенин билдирген. Сурак учурунда бейтап түшүндүрмө берүүдөн кескин түрдө баш тарткандыктан акт түзүлгөн.

Бул факты электрондук журналга каттоого алынган. Кийинчерээк, тагыраагы, медайым 3-майда арыз менен милицияга кайрылып, жумуштан кет деп мажбурлап, коркутуп жаткан директорго карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн бир катар териштирүү амалдары аткарылууда. Медайымдын кесиптештери суракка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери улантылууда", - дешет башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан