Базар-Коргондо экология кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда экология кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратуранын билдиришинче, 2022-жылдын 14-майында Жаӊы-Абад айылынын Р.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда Базар-Коргон районунун экология инспектору С.Ч.А. опузалап пара талап кылып жатканын, эгерде бербесе айып пул менен коркутуп жатканын билдирген.

Аталган факты боюнча, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын тергөөчүлөрү жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү С.Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан