1700 сомдон 3800 сомго чейин. Ошто студенттерге экзамендерин бүтүрүп берүүнү убадалаган жаранга кылмыш иши козголду


Ошто студенттерге сессияда жардам берип, экзамендерин бүтүрүүнү убадалап, акча алган жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул туурасында шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 11-майда медициналык колледждин 23 студентинен милицияга арыз келип түшкөн. Арызда "сессияда экзамендерди бүтүрүп берем" деген ошол эле окуу жайдын студентине 1700 сомдон 3800 сомго чейин акча каражаттарын беришкенин, бирок ал алдап кеткендиги айтылган.
"Жалпы келтирилген зыян 60 миӊ сомдон ашкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө акча алган студенттин аты-жөнү аныкталып, ал 2001-жылы туулган А.Н. экени такталды.
Учурда аталган жарандын үстүнөн "алдамчылык" боюнча тергөө иштери башталды. Ал өзү жашаган жеринен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен үйүнө коё берилди", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан