Бишкекте түн ичинде карактоо, тоноо менен алектенген жарандар колго түшүрүлдү

Бишкекте карактоо жана тоноо менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды. Шектүү катары кармалгандар түн ичинде шаар тургундарын коркутуп акчасын, буюмдарын тоноп жүрүшкөн.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине 2 жарандан арыз келип түшкөн. Тагыраагы, 14-майда шаар тургуну милицияга кайрылып түнкү саат 02:00 чамасында Чапаев/Айни көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар карактаганын айткан. Арызда эки жаран бычак менен коркутуп 1000 сомун жана Айфон 6S телефонун тартып алганы жазылган. Бул факты 207-берене (карактоо) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Андан тышкары дагы бир шаар тургуну милицияга арызданган. Анда 9-майга караган түнү саат 04:30 чамасында белгисиз адамдар физикалык күч колдонуп капчыгын (ичинде банк карталары, айдоочулук күбөлүгү, 500 сом болгон) тартып алганы айтылган. Аталган факты 206-берене (тоноо) боюнча каттоого алынып, тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 17 жаштагы Ч.Б., 18 жаштагы У.Б. жана К.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогун аныктоо боюнча кошумча териштирүү иштери аткарылууда.
Эгерде сүрөттөгү жарандардан жабыр тарткандар болсо кабарлап коюуну укук коргоочулар суранат. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0 (700) 972-222, 0 (700) 683-774 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан