Лейлекте сел жүрүп, 200дөй мал агып кеткени айтылды

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрдү. Анын кесепетинен дамба бузулуп, мал-жандык агып кетти дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Маалым болгондой, бүгүн, 19-майда саат 17:10 чамасында катуу жааган жамгырдан Көк-Таш, Тайлан, Айкөл айылдарында сел кетүүчү сайлардан сел жүргөн.

"Алдын ала маалымат боюнча, турак жай жана жарандарга кооптуулук жок. Сел өз нугунда агып жатат.

Ал эми 19:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан Катраң, Баул айылдарында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, Раззаков-Катраң унаа жолунда таш менен курулган дамбанын 80 метр аралыгын бузуп кеткен. Жол убактылуу жол жабылды.
Баул айылында сел кетүүчү сайдан келген сел сууларынан болжол менен 200 баш майда малды агызып кеткендиги такталууда. Жеринде Лейлек райондук ӨКМнын башчысы, район акиминин орун басары жана Жол тейлөө ишканасынын башчысы жүрөт. Учурда 1 жүктөгүч жана 1 грейдер техника тартылды", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан