Кыргыз киносун "тамашоучу", алып баруучу Айбек Бектемиров режиссёрлук кылган "Өкүл ата" тасмасы толуктады. Тасманын бет ачары борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде болуп өттү.
Тасма Айбек Бектемировдун дебюттук иши.
"Алгачкы тасмам кандай тартылды экен, эл кандай кабыл алат деп тынчсызданып жаткан чагым. Сөздүн ачыгы, бул тасмада башкы каарманыбыз Самат Эркинбековдун ордуна башка актёр тартылмак. Тилекке каршы, биз тандаган актёр тоготпой койду десем болот. Мага тасмага тартылгандан дагы тасма тарткан көбүрөөк жакты", - дейт режиссёр.