Бишкекте жеңил унаа менен автокрандын катышуусундагы жол кырсыгында эки адам жаракат алды. Милициянын кайгуул кызматынан белгилешкендей, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.
Маалым болгондой, 20-майда болжол менен саат 00:40 чамасында 25 жаштагы Ж.Н. аттуу айдоочу Масалиев көчөсү менен бара жатып Тыналиев көчөсүнөн солго бурулуп жатып карама-каршы багытта келе жаткан БМВ 530 үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унааны 24 жаштагы Б.М. аттуу жарандын башкаруусунда болгон. Кырсыктын кесепетинен БМВ 530 унаасындагы 2 жаран жабыркаган.
Учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.