1500 доллар талап кылганга шектелип Ош ШИИБинин ыкчам кызматкери кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери УКМК тарабынан кармалды. Комитеттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кызматкер 1500 миң доллар акча талап кылганы аныкталды.

"Мамлекеттик бийлик органдарындагы, анын ичинде укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкеринин акча талап кылуу фактысы аныкталды.

18-майда Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда", - дешет УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан