Милиция Таласта жаңы төрөлгөн ымыркайын тирүүлөй көмүп салган келиндин окуясынын чоо-жайын айтты

Таласта аял жаңы төрөлгөн ымыркайын тирүүлөй талаага көмүп салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда күнү Талас ШИИБине облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн Талас шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Э.К. төрөттөн кийин наристеси жок кайрылган деген маалымат түшкөн. Аталган факты маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталган.

"Текшерүү учурунда аял Талас шаарында 4 баласы менен чогуу жашагандыгы маалым болгон. Ал эми 2021-жылдын октябрь айында никеси жок кош бойлуу болуп калгандыгы аныкталган. Талас шаарында токой жээкте сейилдеп жүргөн маалда толгоосу башталып, ошол жерден төрөп, андан кийин эмне кыларын билбей жаңы төрөлгөн ымыркайды тирүүлөй көмүп, кетип калгандыгы аныкталган. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ымыркайдын жансыз денеси Талас облустук ооруканага жеткирилип, экспертиза дайындалган. Аталган окуя боюнча “эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүү” фактысы менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иши боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалган. Учурда аял гинекология бөлүмүндө дарыланууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин аял жаңы төрөлгөн ымыркайын көмүп салгандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан