Футбол: "Кристал Пэластын" машыктыруучусу Патрик Виейра гол киргенден кийин күйөрманды тээп жиберди (видео)

Англиянын "Кристал Пэлас" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Патрик Виейра "Эвертон" клубу менен болгон оюнда күйөрманды тээп жиберди.

Оюндун 85-мүнөтүндө "Эвертондун" чабуулчусу Доминик Калверт-Льюин чечүүчү делген үчүнчү голду киргизгенден кийин күйөрмандар талаага чуркап чыгышкан. Күйөрмандардын бири Виейраны шылдыңдап жатканда ал аны тээп жиберген. Андан кийин дагы бир күйөрман машыктыруучуну түрткөндөн кийин башкалар ажыратып калышкан.

37 турдук оюндан кийин "Кристал Пэлас" Англия Премьер-Лигасында 45 упай менен 13-орунда келе жатат. "Эвертон" өз кезегинде 39 упай менен турнирдик таблицада 16-орунда.

Патрик Виейра күйөрманды тээп жиберди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан