Кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытовдун сөөгү качан жерге берилери белгилүү болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
"Эртең, 21-майда КТРКнын алдында саат 12:00дө белгилүү диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт", - деди ал.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытов 72 жашында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды.
Кыргыз телесинин чолпон жылдызы, легендарлуу диктордун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өмүрүн, кесибин баяндаган маектери менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.