Назира Айтбекова: "Атам менен чогуу иштеген курсактуу киши оозумдан өпкөн"

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова SUPER.KG порталына маек курду.

Назира Айтбекованын социалдык баракчасындагы кыз-келиндердин каттары учурдун эң оор реалдуулугу болду. Көзүбүздү жаап өтүп кете албаган жашоонун чындыгы болду. Элде айтылбай жаткан эчен маселе, жан дүйнө жарасы бар экенин бул каттар далилдеди.

Ал өз сөзүндө кичине кезинде зомбулукка кабылганын айтты.

"Атам менен чогуу иштеген курсактуу, бою узун, далдайган киши үйгө келди. Ашканада атамдар менен тамак ичип отурган. Мен болсо чоң энем менен балдар бөлмөсүндө болчумун. Бир маалда тиги киши биз отурган бөлмөнүн эшигин ачып, колун жаңсап мени чакырды. Кыргыздын салты бар го улуулар үйгө киши келсе "тур учураш, бетиңден өптүрүп кел" дей беришет го. Ошентип чоң энем мени "тур, учурашып кел" деп тиги кишиге жиберди. Анан мен барсам тиги киши колумдан тартып эшикти жаап, тизелеп отуруп менин оозумдан өптү. Азыркы күнгө чейин ошол кишинин жыты эсимден кетпейт, абдан жийиркеничтүү эле. Андан кийин алдына отургузуп алып денемди кармалады. Анан мен кызыктай абалда болуп, денем титиреп кетти. Анда мен болгону 1-класстын окуучусу элем. Андан кийин мени бөлмөгө киргизип, ашканада өзүнчө шарактап отурушту. Бир маалда дааратканага барымыш болуп, биз отурган бөлмөгө келип мени кайра колун жаңсап чакырды. Мен баргым келбей турсам чоң энем "тур эле, тур, барып кел" деп кайра жиберип койду. Ошону менен 2 жолу ыдык көрсөтүү болду. Менде ушундай бир жийиркеничтүү сезим калып калды жан дүйнөмдө.

Ал кишинин бул кылыгын мен атама дагы, апама дагы айта алган жокмун. Себеби атам мени коргоп, чоң согуш чыкмак, апамдын жүрөгү оорумак. Бирок кийин чоңойгондо апама айткам. Ал ошондо эмнеге айткан жоксуң деп абдан кабатыр болгон. Психологиялык жактан эркектерден абдан жийиркенип калат экенсиң. Бирөө колуңду кармап койсо өзүңдү кир сезип баштайт экенсиң. Турмушка чыкканга чейин жигит жандагандан коркуп, өзүмдү качырып жүрдүм. Анан турмушка чыкканда жолдошум сабаттуу болгон үчүн мени акырын коркутуп-үркүтпөй көндүрүп алды", - дейт Назира Айтбекова.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

Назира Айтбекова: "Мен дагы кичинемде зомбулукка кабылгам".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан