Түндө тургунду карактаган деп төрт адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине 18-майда шаар тургуну кайрылып, аны Бишкектин Репин көчөсүндө аны белгисиз адамдар тоноп 13 миң сомун алып кетишкенин айткан.
Бул окуя боюнча милиция ыкчам аракеттерди жүргүзүп, шектүү катары 1997-жылы туулган А.Б., , 1997-жылы төрөлгөн А Ч., 1999-жылы төрөлгөн Ж.К. жана 1997-жылы төрөлгөн А.Т. аттуу адамдарды кармаган.
Аларга “каракчылык” беренеси менен айып коюлуп жатат.
Сот алардын баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери бүткөнгө чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.