"Украинанын желеги Кубокко оролуп". "Манчестер Сити" Англия чемпиону аталды

"Манчестер Сити" футболдук клубу акыркы турдук оюнда чоң камбэк жасап, Англиянын чемпиону болду!

Кечээ, 22-майда Англия чемпиондугунун акыркы 38-турдук беттештери бир убакта болуп өттү. Премьер-Лигада чемпиондук наамдын тагдыры акыркы оюн күнү чечилди.

69-мүнөттө “Астон Виллага” 0:2 эсебинде утулуп жаткан “Манчестер Сити” 3:2 эсебинде эрктүү жеңишке жетишти. Параллель беттеште "Ливерпуль" "Вулверхэмптонду" 3:1 эсебинде утуп алды. Бирок бул Юрген Клопптун командасына чемпион болууга жардам берген жок.

Жыйынтыгында "Манчестер Сити" 93 упай топтоп, Англиянын сегиз жолку чемпиону болду. Ливерпуль 92 упай менен 2-орунду ээледи.

"Манчестер Ситинин" украиналык коргоочусу Александр Зинченко оюндан кийин Кубокко Украинанын желегин ороп, көтөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан