Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Райондун Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган.
Андан сырткары 29 турак үйдүн короосун суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан