Бишкекте каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-майда болжол менен саат 22:20 чамасында "102" кызматына Бейшеналиева жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1968-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал белгисиз үч жаран арыз ээсин кастет менен жаакка уруп, үч тишин талкалап, 80 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алганга аракет кылгандыгын билдирген.
Бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Ы. жана 2002-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар кармалган.
Бул факты Ленин РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.