Чүйдө тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды

Чүйдө тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагынан тыюу салынган "Йакын инкар" диний экстремсттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалган. Бул ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы диний экстремисттик уюмдун 50дөн ашык мүчөсү кармалып, алардын лидери катары иш жүргүзүп келген 1970-жылы туулган К.Н. аттуу жаран дагы кармалган.

"Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин ("экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын лидери К.Н. аталган агымдын мүчөлөрүн каржылап, окууларды уюштуруп турган. Кармалган жарандардын үйлөрүнө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында бул уюмга тийиштүү ар кандай китептер, баракчалар, флеш-карталар, дептерлер, уюлдук телефондор жана DVD дисктер алынган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында “Йакын инкар” экстремисттик агымынын активдүү мүчөсү катары 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан