Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 6 жаштагы кыз каза болуп, анын сөөгү өлүкканага жөнөтүлгөн. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлаган.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматынан кыздын ата-энеси медициналык экспертиза жасатуудан баш тартканын билдиришти.
"22-майда аймактык ооруканадан Ак-Суу РИИБине билдирүү келип түшкөн. Анда 6 жаштагы кыз жансыз абалда ооруканага жеткирилгени кабарланган. Маалымат каттоого алынып, жерине ыкчам тергөө тобу жөнөп кетишкен.
Каза болгон кыздын атасы сурак учурунда кызы бир күн мурда өзүн жаман сезип, ичи ооруп, диарея болуп, кусканын айткан. Кечке маал кызынын абалы канааттандырарлык болуп жакшы эле уктаганын белгилеген. Бирок эртеси күнү түштөн кийин кызынын абалы кайра начарлап, каза болгонун билдирген. Андан кийин ата-эне кызын ооруканага алып барышкан.
Жансыз денеге сырттан кароо учурунда физикалык күч колдонуунун белгилери болгон эмес. Кыздын ата-энеси соттук медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришти. Жерине тиешелүү акт түзүлдү", - дешти башкармалыктан.