Биз социалдык тармакта

Чаламандын чак түшүндө унаадагы барсетканы уурдаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте унаанын ичиндеги барсетканы уурдоо фактысы камерага тартылып калган. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан шектүү колго түшүрүлгөнүн бүгүн, 23-майда кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 9-майда шаар тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 14:50 чамасында Дэу Нексия унаасынан барсеткасын уурдап кеткени кабарланган. Арыздануучу барсеткасында акча жана телефону болгонун, жалпысынан 42 миң сом зыянга учураганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Е.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү уурдап алган буюмдарын кайда жашырганын көрсөткөн. Учурда тергөө иштери улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан