УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын жеткирүү менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ аныкталды. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Чогултулган материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 285-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) боюнча катталып, кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында жүктүн ээсинин бири Ю.С.И. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда", - дешет мекемеден.
Белгилей кетсек, УКМК аткезчиликке багытталган эл аралык кылмыштуу топторду аныктоо боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жок кылуу боюнча пландуу иш-чараларды жүргүзүүдө.