Футбол: Килиан Мбаппе "ПСЖ" клубунан эки футболчуну сатып алууну талап кылды. Алар кимдер?

Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе келишимин узарткандан кийин клубдун жетекчилигинен эки оюнчуну сатып алууну талап кылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кеп Франция улуттук курама командасынын оюнчулары жөнүндө болуп жатат. Мбаппе клубдан сатып алууну талап кылган футболчулардын бири "Монаконун" жарым коргоочусу Орельен Чуамени жана "Барселонанын" вингери Усман Дембеле. "ПСЖ" клубунун башкы директору буга чейин Дембеленин кеңешчиси Мусса Сиссоко менен жолугуп, футболчунун трансферин талкуулаган.

Ал эми Чуамениге келсек, ал "Реал Мадрид" клубу менен келишим түзгөнү белгилүү болгон.

Эске салсак, Мбаппе "ПСЖ" менен келишимин 2025-жылга чейин узартып, дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчу болуп калды. Ошондой эле Мбаппе клубдун трансфердик саясатына катышуу укугун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан