Кечээ, 23-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыз-жигиттин сармерден оюнунун кезектеги чыгарылышы өттү.
Сармерденде Ысык-Көл облусунун Түп районунун кыздары менен Баткен облусунун Лейлек районунун жигиттери күч сынашты.
Калыстар тобунун курамында Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Каныкей Эралиева, Келдибек Ниязов жана режиссёр Молдосейит Мамбетакунов болушту.
Кыз-жигиттин сармерден оюнунун жыйынтыгында жигиттер менен кыздар бирдей упай алышты.