Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда Toyota RAV 4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги терекке урунду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"23-майда кечки саат 21:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда Toyota RAV 4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги терекке урунган.
Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы эки эркек адам оор жаракат алган", - деп жазылат билдирүүдө.
Кырсык болгон жерге Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган жаранды алып чыгышып, "103" кызматына өткөрүп беришкен.