реклама
super.kg logo

"Айына 8 миң рубль". Москвада сабалган 11 жаштагы кызды ата-энеси акча табуу үчүн жөнөткөнү айтылды

 

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарында кызга кол салуу фактысы боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-майдан тарта социалдык тармактарда жакындары тарабынан сабалган кыз тууралуу маалымат тарай баштаган. Кызды Москвага алыскы туугандары балдарын каратуу үчүн алып кетишкен. Жабырлануучу С.Т. 2012-жылы туулган. Ал таежеси менен Москва шаарында жашап жаткан. Кыздын туугандары тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча далилдер бар. 21-майда активисттер кызды өз үйүнө алып кетишкен.

"22-майда кызга консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Визуалдык кароодо анын көзүнүн тегереги жана колдору көк ала болгон, психологиялык жактан депрессиялык абалда болгон. Кызматкерлер кызды аймактык балдар клиникалык ооруканасына медициналык кароодон өткөрүү үчүн алып барышкан. Ал жерден кыздын денесинде көк ала тактар бар экени аныкталган.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунда туулган Т.М. аттуу кыздын жакындары чакырылган. Кийинчерээк алар кошумча иликтөө үчүн Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмүнө жеткирилген. Маалым болгондой, кыздын ата-энеси Ош облусунун Өзгөн районунда болуп, алар 2021-жылдын октябрь айынын аягында кызын акча төлөп, жаш балдарды кароого жардам берүү үчүн Орусиядагы туугандарына жөнөтүшкөн. Кыз 4-класста окушу керек болчу, бирок учурда билим албай жатат.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, ата-энеси кызынын бала багуусу үчүн болжолдуу түрдө айына 8 миң рубль алып турушкан. Учурда Орусиянын укук коргоо органдары окуяга юридикалык баа берүү үчүн алдын ала текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында 11 жашар кызды үйүнө жөнөтүү пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Москва шаарынан 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы маалым болгон.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
24.05.2022. 13:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
05-07-2022 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкушум ай
24.05.2022. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
808
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
24-06-2022 13:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кыздын түйшүгүн 8 миң рублге баалаган ата энесине сөз жок.
Билим алгабаган кыздар өмүр бою түйшүк тартып жүрүп өтүшөт.
Ата энеси деле сабатсыз, караңгы экени көрүнүп турат. Элдин билимсиздигин жоймоюн мындай трагедия кайталана берет.

Ыймандуу болобуз деп коом тануулаган жапайы диний эрежелерди тутуп, алардын азабын тартып, башына "бакыт" конбогон кыздар андан көп.
alimbek94 түзөттү 2022-05-24 13:48:28
24.05.2022. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
24-12-2019
Соӊку аракети:
05-07-2022 01:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
alimbek94,кичине акылына кирипсин же бугун айнекти жаап жаткансынбы он коментарий берип калысынго биринчи жолу
24.05.2022. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
898
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-07-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Spb,Ошондо деле динди жамандап өтүптүр.Жамгыр жаады деген маалыматка деле динди кошуп жаза берет экен бул манкурт.
24.05.2022. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сабагандар, ишке алгандар жазанарды Жараткан берсин. Ата энеси да Кандай адамдар болду экен чиедей периште кызды иштетип акчасын алган. Журогунор кантип чыдап жатат болду экен ушул убакта айрыкча уккандан кийин. Жараткан ОЗУ баарыбызга ынсап берсин
24.05.2022. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
531
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
World
-8
Ак уй ,мечит медересе кураалы. Байдын жана чондордун балдарына шарт тузуп. Арабкул кылаалы,билим илим эмес. Эптееп кара курсаактын камын гана ойлоп. Анткени молдонун уйроткону "Акыры заман" . Олум, кор тозок. Адамзаат ушунчаалык билимсиз болсо. 1 молдо бутун мамлекетти башкарып.Каалгааны ошону сурооп койуп.Жыргаал жашоодо жашай берет. Мамлекеттин казынасынан.Туугандары ,кудаа сооктору,тааныш достору ,жердештери.Каалгандары бели катта элегинен баштап. Таалада акча иш
24.05.2022. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
531
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
World
-6
Олко эмнеболуп барат? Жердештер башкарып.Ак уй казино курууга.Ыссык колду соолутууга иш жасап атат. Ишкана куруп," Автобус" чыгарса. Аны сатып албай. Озбектеридин автобусун алып, сыналган соонун деп. Кыргыз Кыргыздын ондургон нерсесин алып. Иш оорундарын тузоолу. Оз жерибизге сыйынаалы. Акча калсын. Арабтарга акча ташыбай. Оз жерибизди мактайлы. Арабтын жерин эмес. Оз мугалимдерибизди барктайлы. Араб угутчулорун эмес.
bosmos77777 түзөттү 2022-05-24 14:43:27
24.05.2022. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
531
Катталган:
10-07-2017
Соӊку аракети:
05-07-2022 18:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
World
-4
Ата Энеси туугандырым деп. Оз кызын "Айдай"акылдуу кызын, билимден калтырып.Ден соолугунан ажыраатып. Тууганым,акча десе. Келечегин ойлонушар. Акылы болсо?Балдарына татыктуу тарбия берсин. Чоон жоопкерчилик алып. Балдары жакшы кун корсун. Ошон учун Ата Эне да. Эч нерседен кем каржы кылбай. Уят иш. Ата Энеси да. Туугандарыда. Ортодо бир оспурумдун келечегине балта чаабышып.
24.05.2022. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
898
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
04-07-2022 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
bosmos77777,Жакшы жазып баратып эле динге не асылып жатасын?Бул жерде дин боюнча эч нерсе жазылган жок го.Төө десе бээни сүйлөйсүн да.Акылындан айнып калыпсын,дарыланып алчы.
24.05.2022. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
07-06-2015
Соӊку аракети:
02-06-2022 23:05
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биринчиден Ата Энесин жазаага тартуу керек анан туугандарын
24.05.2022. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-06-2013
Соӊку аракети:
26-05-2022 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата-энелик укуктан ажыратылсын. Ушунчалык мыкаачыбы ата-энеси?
24.05.2022. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1181
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
04-07-2022 22:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
2012-жылкы болсо аран 10 чыгатго байкуш кыз(((
24.05.2022. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1869
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
05-07-2022 07:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талаада адам мусапыр да. Кыздын атасы бар бекен, ургандын колун сындыра койсо болмок. 8минди бул жакта деле бала карап тапкандар көп го, апасынын өзүнүн көзөмөлүндө болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: