Ошто 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 17 жаштагы эки өспүрүм кармалды

Ошто 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, окуя 2022-жылдын 17-май күнү Оштогу сейил багында болгон. Анда 2004-жылы туулган Кара-Суу районунун тургунун 2005-жылы туулган Н.И. жана анын теӊтушу Ю.М. аттуу өспүрүмдөр эркине каршы зордуктап кетишкендиги аныкталган.
"Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүүлөр 2022-жылдын 17-май күнү кечки саат 17:30 чамасында жабырлануучуга Ош шаарынын эс алуу бактарынын биринде кол салышып, күч колдонуп, жабырлануучунун эркине каршы зордуктап, окуя болгон жерге таштап кетишкен. Издөө иштеринин натыйжасында экөө теӊ кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдү тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды", - деп билдиришти милициядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан