Эл аралык баңгизат каналына тиешеси бар К.Досоновго таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-май күнү К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун үч мүчөсү: А.У.Т., М.у.М., жана Т.Ж.А. “Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан” багытында эл аралык баңги каналына катышуусу бар деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
“Ош облусунун тургундары тарабынан жогоруда аталган каттам боюнча эл аралык баңги каналын түзүшкөнү аныкталган.
2022-жылдын 21-майында УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, “Азия Ойл” май куюучу жайынын аймагынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 килограмм 980 граммды түзгөн зат (болжол менен “гашиш”) табылган”, - деп жазылган маалыматта.
Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.