Чүйдө мас абалдагы жарандар эс алуучуну мазактап, денесине залал келтиришти

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы эс алуучу жайлардын биринде күч колдонуу менен адамдын денесине залал келтиргенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майда Аламүдүн РИИБине 1996-жылы туулган Н.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, денесине залал келтирген белгисиз жарандарга чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, ал 23-май күнү достору менен Аламүдүн районунда жайгашкан эс алуу жайларынын биринде болушкан. Ошол учурда алар менен бирге эс алып жүргөн белгисиз жарандар арыз ээсинин Лексус 470 унаасын сүзүп алышкан. Андан соң сүйлөшүү учурунда мас абалында болгон белгисиз жарандар унаа ээсин мазактап, күч колдонуу менен денесине залал келтиришкен.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1994-жылы туулган Т.А. жана Б.Ф. аттуу жарандар кармалды. Учурда шектүү жарандар тергөө жайына жеткирилип, тийиштүү иш-амалдар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды дешет башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан